Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Акылбек Жапаров колдоо көрсөткөн Элина коло байгеге ээ болду
04.07.2022 | 12:58
Күрөш боюнча Азия чемпионатына (U-15) катышуу үчүн министрлер кабинетинин башчысы тарабынан акча берилген 9-класстын окуучусу Элина Бакытова коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирет.
Ал 66 килограммга чейинки салмак категориясында чыгып, үч беттештин биринде жеңишке жетишкен.
Белгилей кетсек, Акылбек Жапаров ага министрлер кабинетинин төрагасынын резервдик фондунан 100 миң сом жана анын айлыгынан 50 миң сом бөлгөн.
Эске салсак, кыргызстандыктар Манамада (Бахрейн) өтүп жаткан чемпионатта буга чейин 10 медалга ээ болушкан.
Эркин стилдеги спортчулар медалдар үчүн күрөштү бүгүн улантат.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт