Адистер кошо келди. Наманган Бишкекке 100 миң гүл белек кылды

Адистер кошо келди. Наманган Бишкекке 100 миң гүл белек кылды

Өзбекстандын Наманган шаары Бишкек шаарына 1 жылдык 100 миң гүл белек кылды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, мэр Эмилбек Абдыкадыровдун Наманган шаарындагы эл аралык гүл фестивалына баруусунун жыйынтыгында 500 миң 1 жылдык гүлдү Бишкекке белекке берүү боюнча макулдашылган.

Ошондой эле, гүл менен кошо Наманган шаарынан вице-мэри Абдулбомит Исмаилов, жергиликтүү турак жай-коммуналдык чарба башкармалыгынын кызматкерлери, агрономдор, багбандар жана адистер келишти. Аларды «Балалык» сейил багында Бишкек шаарынын вице-мэри Олег Попиков жана «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасынын жетекчиси тосуп алды.

“Наманган шаарынан келген 30га жакын жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери 1 жылдык гүлдөрдү отургузуунун тажрыйбасы жана атайын технологиясы менен бөлүшүүдө. Таң эрте эл аралык жашылдандыруу командасы жергиликтүү адистер менен биргеликте жаңы парктын гүлзарларына белекке берилген гүлдөрдү отургузушууда. Учурда сейил бакта 100дөн ашык жашылдандыруучу иштеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.

Гүлзарлардын жасалгалоосу Өзбекстандан келген адистер тарабынан иштелип чыккан. «Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасы сейил бакты көрктөндүрүү боюнча, сугаруу системасын орнотуу, топуракты тегиздөө, көрктөндүрүү үчүн даярдоо иштерин, парктын аймагын отоо жана башка бир катар иштерди жасаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>