Кытайлык көз дарыгерлери Кыргызстандын түштүгүндө акысыз операцияларды жасашатКыргызстанда дагы бир бөйрөк трансплантациясы ийгиликтүү жүргүзүлдүКыргызстанда жеке ишкер катары кантип катталса болот? Жол-жобосуКөчөдөн 14 жаштагы кызга кол салып, муунткан. Шектүү кармалдыМанас шаарына жаңы «Манас» стеласы орнотулдуАла-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулат
Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү
06.07.2022 | 19:05
Кара-Кече көмүр кенинде тоо көчтү. Бул тууралуу “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсыктан адам өмүрү кыйылган жок.
Болжолдуу маалыматтар боюнча 30-40 миң куб тоо тилкесинен топурак көчтү. Техниканы топурак басып калды деген маалымат чындыкка дал келбейт.
Азыркы учурда жумуш штаттык режимде жүрүп жатат. Көмүр казууга залакасы тийбейт, мындан ары көмүр казуу иштери улана берет.
Окуя Кара-Кечеде 2-июлда болжол менен саат 13.30да болгон. Ал учурда жумуш жүргөн эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар