Эки милиционер тарабынан зордукталган 13 жашар кыз чыгармага айланды

Эки милиционер тарабынан зордукталган 13 жашар кыз чыгармага айланды

Милиция кызматкерлери тарабынан зордукталып келген 13 жаштагы кыздын окуясын сүрөтчү Татьяна Зеленская чыгармага айлантты.

Сүрөттө автор секелек кыздын милиция кызматкерлеринен коркуп отурганын, ал эми укук коргоочулар ага атырылып жатканын көрсөтүүгө аракет жасаган.

Буга чейин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 13 жашар кыздын милиционерлерден зордукталышы үчүн Ички иштер министр Уланбек Ниязбековдун кызматтан кетүүсүн талап кылып чыккан.

Ошондой эле бийлик бул ишти көзөмөлгө алганын билдирген болчу.

2021-жылдын сентябрь айынан үстүбүздөгү жылдын февраль айына чейин 13 жаштагы кыз колдон-колго өтүп зордукталып келген. Кыздын атасынын айтымында, эки милиция кызматкери, “Дордой” базарынын кароолчусу жана 20 жаштагы жигит «кулакчын уурдоого аракет кылдың, камаласың» деп коркутуп зордуктап жүрүшкөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>