Бишкекте изделип жаткан өспүрүм бир жумадан кийин табылды

07.07.2022 | 10:33

Бишкек шаарында дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүм табылды. Бул тууралуу Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2010-жылы туулган Кутман аттуу өспүрүм 1-июлда “Аламүдүн” базарынан жоголуп, дайынсыз болуп жатканы айтылган.  Милиция кызматкерлери издөө жүргүзүп келишкен.

Свердлов РИИБдин кызматкерлери кечээ, 6-июлда өспүрүмдү таап, жакындарына өткөрүп беришкен.

Scroll to Top