Жакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды15-мартка карата аба ырайыТалас мамлекеттик университетинин жаңы имараты курулуудаСадыр Жапаров менен UIM президенти Ысык-Көлдө F1H2O дүйнө кубогун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн талкуулаштыОш шаарындагы Курманжан Датка көчөсүнө акация көчөттөрү отургузулдуШайырбек Ташиев депутаттык мандатын тапшырды
Кыргызстандык окуучу математика боюнча олимпиадада байгеге ээ болду
07.07.2022 | 22:55
No61 математикалык мектеп-гимназиясынын окуучусу Федор Корнияш өспүрүмдөр арасында өткөн XXVI Балкан математикалык олимпиадасында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.
Олимпиада 28-июндан 3-июлга чейин Сараеводо (Босния жана Герцеговина) өттү. Ага 18 өлкөдөн 108 студент катышты.
Кыргызстандын командасы биринчи жолу балкан математика боюнча өспүрүмдөр арасындагы олимпиадага толук убакыт форматында катышты. Кыргызстандык команданын курамына кирген окуучулар:
1. Федор Корнияш.
2. Абдумалик Турсунов.
3. Сейит Рыскулов.
4. Нурсултан Эшперов.
Математика мугалими Мамат Ишматов окуучуларды олимпиадага даярдады.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар