БУУ ачарчылык менен күрөшүү майнап бербей жатканына тынчсызданууда

БУУ ачарчылык менен күрөшүү майнап бербей жатканына тынчсызданууда

Адамзат 2030-жылга чейин ачарчылыкты жоюу максаты майнап бербей жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Мындай тыянакты БУУнун эксперттери чыгарышкан, ага ылайык, өткөн жылы дүйнөдө 830 миллионго жакын адам тамактанбай калган, бул дүйнө калкынын 10% түзөт. Ачка адамдардын саны 2020-жылга салыштырмалуу 46 миллионго көбөйдү. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери азык-түлүк коопсуздугунан жапа чеккен адамдардын саны 150 миллионго өскөн.

“Биз өтө жакырчылыктын өсүп жатканын көрүп жатабыз, аны менен күрөшүү боюнча ондогон жылдар бою жасалган аракеттер жокко чыгарылды. Дүйнөдө байлар менен кедейлердин ортосундагы ажырым күчөп баратат. Айрыкча кооптонууну туудурган нерсе — адамдардын нормалдуу тамактанууга чамасы жетпей жаткандыгы”— деди Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун  башкы экономисти Максимо Тореро

Азияда, Африкада, Латын Америкасында жана Кариб бассейнинде катастрофалуу азык-түлүк кырдаалы түзүлдү.

БУУнун беш агенттигинин жана фондунун, анын ичинде ЮНИСЕФ менен Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын баяндамасында Украинадагы согуштун терс кесепеттери – жеткирүү чынжырларынын үзгүлтүккө учурашы, дан, жер семирткич жана энергетика базарларындагы баанын өсүшү эске алынган эмес.

Азыр дүйнөдө кырдаал кескин начарлап кетти. Эч нерсе өзгөрбөсө, 2030-жылы 670 миллион адам ачка калат, бул 2015-жылдагыдай эле.

Тэги: ачкачылык

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>