Садыр Жапаров Астанада экологиялык саммитке катыштыАдылбек Касымалиев Монголиянын элчисин Кыргызстандагы миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алдыДастан Бекешев окуучуларга футболка жана джинсы менен мектепке барууга уруксат берүүнү сунуштадыДепутат Искра айылындагы бала бакчаны оңдоого каражат бөлүүнү сурандыКыргызстандын каржы сектору бир жыл ичинде капиталын эки эсеге көбөйтүп, кардарлар базасын 25 млн адамга жеткирдиЖайыл районунун базарларында быйылкы сезондун алгачкы кулпунайы сатыкка чыкты
Акылбек Жапаров: Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат
19.07.2022 | 11:16
Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен маселени чечүүдө жылыш жок экенин моюнга алды.
«Коррупция өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 639 кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен козголгон. Көрсө, күн сайын мамлекеттик кызматкерлер тарабынан алты-жети кылмыш болот экен», – дейт Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров контрабанданы экономиканын дагы бир оорусу деп атады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика