Кутманова: Жер казынасын пайдалангандардын лицензиялары текшерилет

Кутманова: Жер казынасын пайдалангандардын лицензиялары текшерилет

Лицензиялык келишимдерди аткаруу максатында жер казынасын пайдалануучулардын бардык лицензияларына аудит жүргүзүлө баштады. Ченемдик укуктук база кайра каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылдын 1-июлуна карата Кыргызстанда 2398 лицензия жарактуу. Анын ичинен 398 алтын кенине, 531 суу ресурстарына, 57 мунай жана газга, 107 металлга, 401 көмүргө жана 904 кен эмес жерлерге берилген.

«Жер казынасы жөнүндө кодекс иштелип жатат. Учурда бул иш уланууда. Ал эми күзүндө сентябрь айында мыйзамдын жаңы редакциясы кароого коюлат. Көптөгөн өзгөрүүлөр болот, бүгүнкү күндө болуп жаткан көптөгөн боштуктар буга чейин эле эске алынган”, — дейт Динара Кутманова.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>