Кумарбек Байдылдаев аскер прокурору болуп дайындалдыЖүк ташуучу унаа электр линиясын үзүп кеткен: Бишкекте жарык эмнеге өчкөнү айтылдыШашылыш билдирүү! Айрым аймактарда сел жүрүү коркунучу сакталуудаУнаадан селге секирген: Ысык-Көлдө сел агызып кеткен өспүрүм изделүүдөПрезидент Түндүк-Түштүк альтернативдик унаа жолун «коррупциянын символу» деп атадыБишкекте эки жер үстүндөгү жөө өтмөктүн техникалык ачылышы болду
Ошто тамактануучу жай өрттөндү (видео)
19.07.2022 | 11:11
Эксклюзив
Мөңгүлөрдөн баштап ышка чейин: окумуштуу Кочкунбек Бакиров Кыргызстандын келечеги тууралуу
Ош шаарында тамактануучу жайдан өрт чыкты, деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, Оштун Навои көчөсүндө жайгашкан тамактануучу жайдан өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө саат 09:55те Ош шаардык №13 өрт өчүрүү бөлүмүнөн 2 бөлүм, 1 автошаты, саат 10:02де Ош шаардык №12 ӨКБдан 2 бөлүм, саат 10:04тө Ош шаардык №85 ӨКБдан 1 бөлүм, жалпы 5 бөлүм, 1 автошаты жана ыкчам топ тартылган.
Өрт саат 10:16да чектөөгө алынып, болжол менен 700 чарчы метр аянты күйгөнү белгилүү болду. Учурда өрттү өчүрүү иши жүрүүдө.
Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом