Дастан Бекешев мектеп программасын жана шарттарды кайра кароону сунуштадыМамлекеттик сыйлыктардын жана наамдардын саны кыскартылды — КР президенти мыйзамга кол койдуЖогорку Кеңеште чет элдик номерлүү унаалар менен Кыргызстанга кирүүнү кыргызстандыктар үчүн жеңилдетүү сунушталдыУКМК башчысы: Атайын кызматтардын, ИИМдин жана прокуратуранын ортосунда эч кандай тирешүү жок, катарларды биргелешип тазалоо жүрүп жататМай майрамдарында Кыргызстандагы КТБлар кандай тартипте иштейт?Депутат парламентте короолордогу шлагбаумдар жана үйдүн жанындагы жер тилкелери маселесин көтөрдү.
Акылбек Жапаров: Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат
19.07.2022 | 11:16
Коррупцияга каршы күрөш жыйынтык бербей жатат. Бул тууралуу бүгүн Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча координациялык кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.
Коррупцияга каршы күрөшүү боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынганы менен маселени чечүүдө жылыш жок экенин моюнга алды.
«Коррупция өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына терс таасирин тийгизүүдө. Эки жыл ичинде мамлекеттик кызматкерлерге карата 16 миң 639 кылмыш иши козголсо, анын 12 миңи кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен козголгон. Көрсө, күн сайын мамлекеттик кызматкерлер тарабынан алты-жети кылмыш болот экен», – дейт Акылбек Жапаров.
Акылбек Жапаров контрабанданы экономиканын дагы бир оорусу деп атады.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика