Автобустагы мушташ: Жүргүнчүгө бычак сайган адам кармалды

22.07.2022 | 11:47

Бишкек шаарында автобуста эки жүргүнчүнүн мушташы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жүргүнчүгө бычак сайган Аламүдүн районунун Аламүдүн айылынын 33 жаштагы тургунуна карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (“Ээнбаштык”) боюнча кылмыш иши козголгон.

 “Тергөөнүн маалыматына караганда айыпталып жаткан Ж.Ж. аттуу жарандын жүрүм-туруму боюнча жүргүнчүнүн айткан сын пикири жакпай калып, экөө мушташа кеткен. Шектүү жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми жабырлануучуга Чүй облустук ооруканасында медициналык жардам көрсөтүлгөн. Анын канчалык деңгээлде зыян тартканын аныктоо үчүн экспертиза дайындалган.

Маалым болгондой, окуя 21-июлда ГЭС-2 районунда катталган. Автобустун ичинде эки жүргүнчү мушташа кеткен. Жабырлануучу бычактан жаракат алганын, экинчи жүргүнчүнү тарнспорттон чыгарып баратканда көрүп калган. Шектүү жаран кармалып, милицияга өткөрүлгөн.

Scroll to Top