Нарын облусунун калкы акысыз медициналык кароодон өтүүдө

Нарын облусунун калкы акысыз медициналык кароодон өтүүдө

Улуттук Госпиталдын “Ден соолук кербени” Нарын облусунун Ак-Талаа районунда калктын саламаттыгына кам көрүп, профилактикалык кароолорду өткөрүп жатат. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тургундар окулист, терапевт, навролог, эндокринолог адистерден кеңеш алуу мүмкүнчүлүгү бар, ошондой эле флюорография, УЗИ жана лабораториялык диагностикадан өтө алышат.

Улуттук госпиталдын адистери ооруларды алдын алуу, бейтаптарды бекер дарылап жана консультация берип жатышат.

Улуттук госпитал тарабынан уюштурулган “Ден соолук кербени” май айынан тарта Нарын облусунун калкын профилактикалык кароодон өткөзүп жатышат. Бул күнгө чейин Кочкор, Нарын райондорунун тургундарын, 25-июлдан баштап Ак-Талаа районунун калкын медициналык кароодон өткөзүп жатышат. Бул райондо “Ден соолук кербени” 2-августка чейин иш алып барышат, андан соң Ат-Башы районуна барышат.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Нарын

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>