Бишкек мэрине кытайлык Geely электробустары көрсөтүлдү — алар шаардык каттамдарга чыгышы мүмкүнМинистрлер кабинети Бишкектин 2050-жылга чейинки башкы планын бекиттиЧүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — Орунбеков
Кыргызстанга жарым жылда 1 млн өзбекстандык жаран эс алууга келген
22.07.2022 | 15:42
Быйыл жарым жылда 1 миллиондон ашык өзбекстандык турист Кыргызстанга эс алууга келип кеткен. Бул тууралуу Өзбекстандын Мамлекеттик статистика комитети билдирди.
Өзбекстандын Статистика комитетинин маалыматы боюнча, быйыл алты айда 2,1 млн өзбек жараны чет өлкөгө саякаттоого чыккан. Алардын ичинен 1 млн 30 миң киши Кыргызстанга барган.
Өзбекстандыктар саякаттоо үчүн тандаган өлкөлөрдүн ичинде экинчи орунда Казакстан турат. Быйыл ал жакка 336 миң өзбекстандык барган. Үчүнчү орунда турган Тажикстанда 284 миң киши эс алып кеткен.
Өзбекстандык саякатчылар барган өлкөлөрдүн катарында Россия (105 миң), Бириккен Араб Эмираттары (58 миң), Сауд Арабиясы (50 миң), Египет (21 миң), Түштүк Корея (6 миң), АКШ (6 миң) бар.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом