Адылбек Касымалиев АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен жолугушту – эмне жөнүндө сүйлөштү16-апрель: Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтКытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдар
Бишкекте пенсионер аял алдамчылыкка шектелип камалды
25.07.2022 | 10:36
Бишкекте милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектелип 65 жаштагы аялды кармашты. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, пенсионер борбордун жашоочуларынын бирине Анар-Абак жаңы имаратында жайгашкан жер тилкесин сатууну убада кылган. Бирок 8 миң доллар алып, дайынсыз жоголгон.
«Октябрь райондук соту шектүүнү убактылуу кармоочу жайга камап, Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге бир айга камакка алды», — деп айтылат маалыматта.
Тергөө кармалган адамдын бир катар кылмыштарга тиешеси болушу мүмкүн деп эсептейт.
Милиция сүрөттөгү аялдан жапа чеккендер төмөнкү телефондор аркылуу байланышууну өтүнөт: 0502441112, 0709084244 же 102.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар