Орусия Кыргызстанга салыктык башкарууну жакшыртууга жардам беретСадыр Жапаров Бишкекте ипотекалык батирлерди пайдаланууга бердиЧеттен ташылып келген унааларды техникалык кароодон өткөрүү: Кыргызстанда жаңы эрежелер иштелип чыкты — чоо-жайыКыргызстандын аскерлери Беларуста ЖККУнун тынчтык орнотуу операциясын машыгууда«Балага сүйүнчү» жөлөк пулуна кантип «Түндүк» тиркемеси аркылуу арыз берүүгө болотМажбурлоосуз улуттук иденттүүлүк: Кыргызстанда жаңы мыйзам сунушталууда
Токаев кичи ажылык амалын аткарды
25.07.2022 | 10:21
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 24-июлда Сауд Арабиянын Мекке шаарында кичи ажылык амалын аткарды. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы билдирди.
“Президентке өзгөчө урмат-сый көрсөтүлүп, ал Каабанын ичине кирди. Анын эшиктери өзгөчө учурларда гана кадырлуу коноктор үчүн ачылат. Бул Сауд Арабия жетекчилигинин Казакстандын лидерине болгон сый-урматын көрсөтөт”, – деп белгилейт казак президентинин басма сөз кызматы.
Эскерте кетсек, Токаев 23-июлда Сауд Арабияга расмий сапар менен барган. Сапардын жүрүшүндө ал Сауд Арабиянын падышасы, мураскер ханзаада менен жана башка бир катар жолугушууларды өткөрдү. Расмий сапардын алкагында кызматташуу тууралуу ондон ашык докмунетке кол коюлду.
