Айыл чарба продукциясын чыгаруунун көлөмү 396 млрд сомдон аштыOld Bishkek комплексин нөшөрлөгөн жаандан улам суу каптады. Нариман Түлеев эмне деди?Садыр Жапаров жаңы жылдык куттуктоосунда 2025-жылдын жыйынтыгын чыгардыҮй иштериндеги аялдардын жүгү эркектердикинен беш эсе оорБишкекте турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза таптыУКМК «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомуна» таандык жер мыйзамсыз менчиктештирилгенин аныктады
Чукул билдирүү: Өлкө боюнча эки күн удаасы менен адаттан тыш ысыйт
25.07.2022 | 21:04
26-28-июль күндорү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.
Маалыматка караганда, абанын күндүзгү температурасы:
- Чүй өрөөнүндө 36…41°,
- Талас өрөөнүндө 34…39°,
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөндөрүндө 37…42º,
- тоо этектеринде 34…39°,
- Суусамыр өрөөнүндө 27…32º,
- Ысык-Көл ойдуңунда 29…34°,
- Нарын облусунын дыйканчылык аймактарында 31…36º, тоолуу райондордо 24…29°, бийик тоолордо 14…19° жылуулукка чейин көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындай кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайынын учурунда организмге ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар