2030-жылга чейин Чүй облусунун 100 миң тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз болот

28.04.2026 | 15:14

Сокулук жана Панфилов райондорунун 28 айылы 2030-жылга чейин таза ичүүчү суу менен камсыз кылынат. Коопсуз суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгүнө 100 миңге жакын адам ээ болот.

28-апрелде калктуу конуштарда «Суу менен камсыздоого жана санитарияга жалпы жеткиликтүүлүк — 1-фаза» программасынын алкагында тааныштыруу жыйындары башталды. Катышуучулар — райондук мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү — долбоордун максаттарын, аны ишке ашыруу механизмдерин, ошондой эле суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу боюнча муниципалдык ишканаларды түзүү маселелерин талкуулап жатышат.

Программа ОПЕКтин Эл аралык өнүктүрүү фондунун 20 млн доллар өлчөмүндөгү насыясынын эсебинен да ишке ашырылууда — тийиштүү келишимди Президент Садыр Жапаров ратификациялаган, ал эми Жогорку Кеңеш аны 2026-жылдын 4-февралында биротоло жактырган.

Чүй облусу жалпы бюджети 200 млн долларды түзгөн, Ош жана Ысык-Көл облустарын да камтыган кыйла кеңири программанын курамына кирет. Жалпысынан алганда, долбоор өлкөнүн 126 айылындагы 425 миңге жакын адамдын жашоо шартын жакшыртууга багытталган.

Scroll to Top