Коргоо министрлигинин аскер кызматкери баңги затын сатуу жана колдонуу фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, баңги зат каражаттарын сатуу жана таратуу фактысы боюнча КР Коргоо министрлигинин кызматкери кенже сержант Г.В.А. кармалды.
Такталгандай, Коргоо министрлигинин белгилүү аскер кызматкери бир канча убакыттан бери Бишкек шаарынын жарандарына «Гашиш» баңгизатын сатуу боюнча системалуу канал уюштуруп келгени аныкталган.
«КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 1-бөлүгү (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) менен козголгон кылмыш ишинин алкагында КР Коргоо министрлигинин аскер кызматкери кенже сержант Г.В.А. КР Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык кармалып, Бишкек гарнизонунун гауптвахтасына киргизилген», — деп маалымдалды.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.