Бишкекте кампада ири өрт чыкты — видео

Бишкекте кампада ири өрт чыкты — видео

Бишкек шаарына караштуу Ленин районунун Мурманск жана Садыгалиев көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан кампадан өрт чыккан. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

«Өрт тууралуу маалымат түнкү саат 03:45те түшкөн. Өрттү өчүрүүгө ыкчам түрдө биринчи бөлүм саат 03: 46да чыгып кеткен. Өрттүн аянты чоң болгондуктан жерине жалпы 7 бөлүм, 1 суу ташуучу, Штаб жана ККББдан ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары ИИМ кызматкерлери, РЭТтен 1 бригада, «Тез жардам» кызматынан 1 бригада, газ чарба кызматынан 1 бригада, “Жашылдандыруу” муниципалдык ишканасынан 2 суу ташуучу унаа тартылды», — деп маалымдады ӨКМ.

Такталган маалымат ылайык, өрт саат 07:20да чектөөгө алынып, учурда толук түрдө өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.

Кошумча маалымат берилет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>