Кыргызстанда мугалимдердин айлыгы эки эсе көтөрүлдү — кенен маалыматТоктогул суу сактагычынан 12 миң метр синтетикалык тор чыгарылдыБишкекте хоккей боюнча Азия Кубогу башталатКыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылыштыРоссиянын коргоо министри Белоусов расмий сапар менен Бишкекке келди27-апрелге карата аба ырайы
Жалал-Абадда жоголгон 13 жаштагы кыз өзү үйүнө кайтып барды
30.07.2022 | 13:51
Майла-Сууда жоголгон 13 жаштагы кыз аман-эсен өзү үйүнө кайтып келгенин анын ата-энеси милицияга билдирген.
Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, буга чейин, 29-июлда борбор калаанын тургуну милицияга кайрылган. Ал өзүнүн тууганы 2009-жылы туулган Жакшыбаева Каныкей Сабыржановнаны табууга жардам сурап кайрылган.
Арыз ээсинин айтымында, кыз 25-июль күнү саат 17:00дөр чамасында Жалал-Абад облусундагы үйүнөн чыгып кеткен бойдон үйүнө кайтып келген эмес. Факты электрондук журналга катталып, издөө иштери жүрүп жаткан.
“Азыр милиция иштин бардык жагдайларын иликтеп жатат”, — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом