Кыргызстандын жеке энергетикалык компаниялары Энергетика министрлигинин үстүнөн президентке арыз менен кайрылышты

27.04.2026 | 10:01

Кыргызстандын ата мекендик бөлүштүрүүчү компаниялар коомчулугу өлкө президентинин наамына кайрылуу жолдоп, жеке бизнести Энергетика министрлигинин аракеттеринен коргоону өтүндү. Ишкерлер министрликтин аракеттерин мыйзамсыз жана экономикалык жактан негизсиз деп эсептешет.

Келишпестиктин негизги себеби — Энергетика министрлигинин жеке бөлүштүрүүчү компанияларды электр энергиясын импорттук баада сатып алууга милдеттендирүү демилгеси болду. Учурда алар энергияны УЭТКдан (Улуттук электр тармактары ишканасы) 1 кВт·саатын 2,50 сомдон сатып алышат, бирок калкка мамлекет тарабынан жөнгө салынган тарифтер менен берип, чыгымга учурап келишет. Ортодогу айырманы компаниялар кайчылаш субсидиялоо механизми аркылуу коммерциялык абоненттердин эсебинен жаап турушат. Ишкерлердин пикиринде, жаңы эрежелер алардын ишмердүүлүгүн толугу менен чыгашалуу (зыяндуу) кылат.

Каржылык жүктөмдүн бөлүштүрүлүшү өзгөчө нааразычылыкты жаратууда. Жеке компаниялар өлкөнү электр энергиясы менен камсыздоонун 6%ын гана аткарат, бирок аларга тармактын жалпы каржылык тартыштыгынын 23%га жакынын — бир миллиард сомдон ашык сумманы жүктөө сунушталууда.

Ошондой эле ишкерлер министрликтин позициясындагы карама-каршылыктарга (ыраатсыздыкка) көңүл бурушту: ведомство бир эле учурда тармакта каражаттын жетишсиздигин айтып, ошол эле маалда жеке ишканалардын тармактарын сатып алуу ниетин билдирүүдө. Бул өз кезегинде бюджеттен ири өлчөмдөгү чыгымдарды талап кылат. Муну менен катар, Энергетика министрлиги рыноктогу жалпы абалды ачыктабастан, бир гана мамлекеттик компаниянын — УЭТКнын каржылык маалыматтарын келтирүүдө.

Ишкерлер ЕАЭБдин талаптарына байланыштуу маселени да өзүнчө көтөрүштү: 2027-жылга чейин Кыргызстанда электр энергиясынын ички дүң рыногу түзүлүшү керек. Жеке бөлүштүрүүчү компанияларды жоюу иш жүзүндө тармактагы рыноктук мамилелерди жок кылат жана жаңы сатуу түзүмдөрүн жасалма түрдө кайрадан курууну талап кылат. Башкача айтканда, өлкө басып өткөн жол кайталанат.

Компаниялар аткаминерлердин жабык экендигине да көңүл бурушту: диалог курууга жана сунуштарга негиз болгон эсептөөлөрдү алууга жасалган аракеттер жоопсуз калган.

Ишкерлер президентке жолдогон кайрылуусунда колдонуудагы мыйзамдарга ылайык тарифтердин ачык-айкын түзүлүшүн камсыз кылууну, Энергетика министрлигинин демилгелерине баа берүү үчүн көз карандысыз эксперттерди тартууну, жеке бизнести сүйлөшүүлөргө кошууну жана атаандаштарды рыноктон сүрүп чыгарууга жол бербөөнү өтүнүшкөн.

«Жеке компаниялар өз убагында мамлекет баргысы келбеген жерлерге барып, алыскы райондорго электр зымдарын тартып, элге жарык беришкен», — деп айтылат кайрылууда. Эми алар түпкүлүгүндө өлкөнүн бүткүл энергетикалык тутумунун туруктуулугуна сокку урушу мүмкүн болгон ачык эмес схемалар аркылуу өздөрүн банкротко учуратпоону суранышууда.

Scroll to Top