Бишкекте Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылатӨзбекстан биринчи космонавтын космоско учурууга даярдануудаЫсык-Көлдө «Тамчы» атайын финансылык-инвестициялык аймагынын курулушу башталдыКыргызстан Россияда жана Казакстанда логистикалык борборлорду түзөтӨкмөт башчы Ысык-Көлдө курулуп жаткан эки күн электр станциясы менен тааныштыКазакстандык банк Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишмердүүлүгүн кеңейтүүнү пландаштырууда
Жалал-Абад: Чек арадан 80 баш майда малды айдап өтүүгө аракет кылган жаран кармалды
30.07.2022 | 15:44
Жалал-Абад облусунун Кербен районунда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин чек ара тозоту Кыргызстандан Өзбекстанга 78 баш майда малды мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган жаранды кармашты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кармалган Аксы районунун Ак-Дөбө айылынын тургуну 1998-жылы туулган А.у. Н экени аныкталды.
Алдын ала маалыматтар боюнча, кармалган малдын чыгымы 780 миң сомду түзгөн.
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран жана малдар кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом