Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Казакстандын 9 ишканасы Японияга жылкынын этин сатууга уруксат алды
04.08.2022 | 22:21
Казакстандын тогуз ишканасы Японияга жылкы этин экспорттой алаарын Казакстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирргенин жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
«Казакстандын Айыл чарба министрлиги менен Япониянын Айыл чарба, токой чарбасы жана балык чарба министрлигинин ортосундагы жигердүү эки тараптуу кызматташуунун натыйжасында Казакстандын дагы тогуз эт кайра иштетүүчү ишканасы Японияга жылкы этин экспорттоого укуктуу ишканалардын реестрине киргизилди », – деп айтылат маалыматта.
Буга чейин бул реестрге Казакстандын 34 ишканасы киргизилген. Ошентип, бүгүнкү күндө 43 ата мекендик эт кайра иштетүүчү ишканалар Японияга өз продукциясын экспорттой алат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар