Кыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болду
Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган спортчу чөгүп кетти
06.08.2022 | 14:56
Бүгүн, 6-августта Ысык-Көл облусунда көлдү сүзүп өтүүгө аракет кылган спортчу чөгүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн болжол менен саат 13:00дө Тоң районунун Кара-Шаар айылынан Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айылын карай 15 спортчу сүзүп өтүүгө чыккан. Көлдүн ортосуна жеткенде чоң толкун болуп, 1 спортчу дайынсыз жоголгон.
Спортчуну издөө иштерине 8 куткаруучу тартылган. Учурда чөккөн спортчунун аты-жөнү такталууда.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом