Ош: 75 жаштагы ардагер Түркияга велосипед менен жөнөп кетти

06.08.2022 | 15:42

Кечээ, 5-августта 75 жаштагы Мамыт Таштанов  IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Түркияга велосипед менен жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Ош шаарында Мамыт Таштановду Түркияга узатуу иш-чарасы өтүп, ага облус жана шаар жетекчилери, маданият ишмерлери жана башкалар катышкан.

Мамыт Таштановго өкүлчүлүк жана шаар мэриясы тарабынан материалдык жардам көрсөтүлгөн.

Белгилей кетсек, Мамыт Таштанов Түркияга жетүү үчүн 5 өлкөнүн аймагы аркылуу өтөт: Өзбекстан, Түркмөнстан, Казакстан, Азербайжан, Армения, Түркия. Иш-чаранын максаты – түрк тилдүү мамлекеттердин элдеринин достугун чыңдоо.

IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары сентябрь айынын аягында башталат. Ал Түркиянын Изник шаарында өтөт.

[image_carousel source=”media: 147831,147830,147829,147828,147827,147826,147825,147824″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Эскерте кетсек, мындан 4 жыл мурда Мамыт Таштанов Бишкектен Ташкентке тур жасап, Өзбекстандын Маргалаң, Кокон, Жизак, Самарканд жана Бухара шаарларын кыдырган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Scroll to Top