Бишкектин айрым аймактарында 4 күнгө газ өчүрүлөтУкук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылды
Дзюдочу Эрлан Шеров Азия чемпионатынын финалына чыкты
06.08.2022 | 18:12
Кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров (90 кг) Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатынын финалына чыкты. Бул тууралуу Кыргызстандын дзюдо федерациясынан билдиришти.
Ал таймашты чейрек финалдан баштап, алгачкы кармашында кытайлык спортчуну жеңген. Жарым финалдык беттеште казакстандык балбан Хамза Дидарды жеңип алган.
Финалдык таймашта ал япониялык балбан Санширо Мурао менен күч сынашат.
Эскерте кетсек, кечээ, 5-августта Азия чемпионатында Чыңгызхан Сагыналиев (73 кг) коло медаль уткан.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт