Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленди — сүрөт

Казыбек казалчынын 120 жылдыгы белгиленди — сүрөт

Бүгүн, 6-августта Нарын облусунда алп акын Казыбек Мамбетимин уулунун 120 жылдыгы белгиленди. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловз маданият Азамат Жаманкулов, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.

Иш-чаранын алкагында этнофестиваль, улуттук оюндар, көргөзмө-жарманке, улуттук даамдардын жарманкеси жана концерттик программа менен уюштурулган.

Эскерте кетсек, Казыбек Мамбетимин уулу 1901-жылы Нарын облусунун Ат-Башы районундагы азыркы Казыбек айылынын Чет-Келтебек жайлоосунда туулган. Акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп болгон. Сүргүнгө айдалган акын 94 жылдан кийин, быйыл 16-февралда Жогорку сот тарабынан акталган.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>