Баш сөз: Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине 200 миң сомдон төлөп берүүнү тапшырдыReporter.kg жана КР Гимнастика федерациясы кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюштуМинистрлер Кабинети бизнести видеокамераларын салык кызматы үчүн ачууга милдеттендирүүнү сунуштоодоОшто эки күнгө созулган «Окурман Ош» китеп фестивалы өтөтКыргызстан менен БУУ АПП климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүүдө жаңы кадамдарды белгилештиБишкекте №244 кичи автобустун кыймыл схемасы өзгөртүлдү
Ысык-Көлдө жоголгон кытайлык жаран 1 айдан бери изделүүдө
22.08.2022 | 11:37
Ысык-Көл облусунда жоголгон 22 жаштагы кытайлык жаран 1 айдан бери изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой С. Т. аттуу кытайлык жаран 24-июлда Ала-Көл жайлоосунун “Сирота” аттуу жерине чыгып кеткенден бери дайынсыз. Кытайлык жарандын жоголгону тууралуу маалымат алгач милицияга түшкөн. Ал эми 18-августта милиция бул окуя тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ысык-Көлдөгү башкармалыгына кабарлаган. Аны издөөгө министрликтен 5 куткаруучу тартылган.
Белгилей кетсек жоголуп кеткен 22 жаштагы кытай жараны Бишкек шаарындагы К. Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин 3-курсунун студенти.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом