Орусиядагы кырсык: каза болгон кыргыз жарандардын өздүгү такталды

Орусиядагы кырсык: каза болгон кыргыз жарандардын өздүгү такталды

Россиянын Ульяновск облусунда үрөй учурган жол кырсыктан каза болгон кыргызстандык жарандардын аты-жөнү такталды.

Кырсык 21-августта саат 14:00 (Москва убактысы боюнча) чамасында болгон. Жүк ташуучу унаанын айдоочусу өз убагында ылдамдыгын азайтууга үлгүрбөй, кичи автобусту сүзүп кеткен. Натыйжада кичи автобус эки жүк ташуучу унаанын ортосунда кыпчылып калган.

Кырсыктын кесепетинен 16 адам каза болгон. Алардын 14ү Кыргызстандын жараны болсо, экөө орусиялыктар. Дагы Кыргызстандын 3 жараны ооруканага оор абалда түшкөн.

Каза болгон жарандар:

1.  Мусабаева Элнура, 1980-жылы туулган;

2.  Акылбек уулу Майрамбек, 1997-жылы туулган;

3.  Абдулхамид уулу Жакыпбек, 1990-жылы туулган;

4. Кутманали уулу Сыймыкбек, 1999-жылы туулган;

5.  Каныбек уулу Азиз, 1976-жылы туулган;

6.  Турсуналы уулу Адилет, 1999-жылы туулган;

7.  Кожомбаев Каныбек, 1986-жылы туулган;

8.  Бекмурзаева Диана, 1998-жылы туулган;

9.  Ормонбек кызы Алина, 1995-жылы туулган;

10. Сулайманова Уулкан, 1976-жылы туулган;

11. Жуманалиев Шекербек, 2000-жылы туулган;

12. Абдулаева Ойгул, 1991-жылы туулган;

13. Арыстанбек уулу Нуртилек, 1996-жылы туулган.

14. Өздүгү такталууда

Жабыркагандар:

1. Алибаева Айгуль, 1981-жылы туулган;

2. Бекназар уулу Сыймык, 2001-жылы туулган;

3. Абдусалим уулу Таалайбек, 1993-жылы туулган.

Элчилик тарабынан жогорудагы кырсыкта каза болгон жана жабыркаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын жакын туугандары үчүн +7 (926) 861 50 98 ишенимдүү түз байланыш номери уюштурулду.

Президент Садыр Жапаров тиешелүү министрлик-мекемелерге жол кырсыкта каза тапкандардын сөөгүн мекенине алып келүү үчүн атайын борт уюштурууну тапшырды. 

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>