Саясат жана кылмыш темаларын чагылдырган журналист Вадим Ночевкин каза таптыТаш жүктөп бараткан. Бишкекте жүк ташуучу унаа оодарылып кеттиБишкектеги соода борборлорун жардырам деп билдирүү тараткан жаран кармалдыИнтернет шылуундугу: Жаранды 14 млн сомго алдап кеткен шектүү кармалдыЫсык-Көлдө көк бөрү оюну учурунда чыккан чырдан бир адам каза таптыАйсулуу Тыныбекова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын амбассадору болду
Чүйдө жер сатып, алдамчылык кылган делип 37 жаштагы жаран кармалды
12.09.2022 | 14:35
Чүй облусунда алдамчылыкка шектелип 37 жаштагы жаран кармылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалым болгондой сентябрь айынын башында Аламүдүн райондук милициясына 40 жаштагы П.Б. аттуу жаран кайрылып, июль айында Б.Х. аттуу жаран “үй салууга болот” деп ишендирип айыл чарба багытындагы жерди сатканын билдирген.
Бул факт Кылмыш кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) боюнча каттоого алынган.
Ыкчам-тергөө иштеринин жүрүшүндө бул ишке шектүү катары 37 жаштагы Б.Х. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө иштери уланууда.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом