Кыргызстандык окуучулар эл аралык биология олимпиадасында эки коло жеңиштиЧолпон-Атада “Ысык-Көл 2025” масштабдуу айыл чарба жарманкеси өтүүдөАйыл чарба министрлиги быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилгенин билдирдиКыргызстан менен Глобалдык жашыл өсүү институту табигый кырсыктарды алдын алуу жаатында кызматташатТүркстан облусунда «Борбордук Азия» эл аралык борборунун курулушу башталдыӨзбекстандын тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов Кыргызстанга расмий сапар менен келет
Ташиев: Аскерлер арасында жоготуулар көп болду – видео
17.09.2022 | 01:57
16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта аскерлердин арасында жоготуулар көп болду. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев чек арадагы абал тууралуу маалымат берип жатып билдирди (маалымат 16-сентябрь саат 23:15терде берилген).
Анын айтымында, жоготуулардын саны такталууда.
“Конфликт деген ушундай экен. Жоготуулар ар дайым болот экен. Биздин жоготуулар негизинен аскер кызматкерлери арасында болду. Ачык айтайын, канча жоготуу болгонун дагы деле тактап жатабыз. Бирок тилекке каршы жоготууларыбыз көп. Жарадар болгондор да көп. Ал эми жай тургундар арасындагы жоготууларыбыз азыраак болду. Аз эле болду деп айтса болот. Себеби аларды убагында эвакуация кылып, чыгарып кеткенге мүмкүнчүлүк түзүлдү”, – деди ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом