Ташиев чек арадагы кырдаал курчуп кетпешине кепилдик жок экенин билдирди

Ташиев чек арадагы кырдаал курчуп кетпешине кепилдик жок экенин билдирди

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы абал боюнча маалымат берип жатып кырдаал курчуп кетпешине кепилдик жок экенин билдирди (маалымат 16-сентябрь саат 23:15терде берилген).

Ал кечээ, 16-сентябрдагы ок атышууну токтотуу тууралу болгон сүйлөшүүлөр тууралуу айтып, азыркы тапта ок атышуу токтогонун билдирди.

«Ок атышууну токтотуу боюнча бүгүн (16-сентябрь — ред.) үч жолу жолугушуу болду. Биринчисинде бир саатка, экинчисинде эки саатка токтоттук. Бирок кайрадан токтобостон, өрчүп кетип жатты. Мына түнкү саат 23:15 болду. Кечки саат 20:00дөн тарта толук токтоп, ок атуулар болгон жок», — деди ал.

Ошол эле учурда ал кырдаал оор бойдон калып жатканын, анын курчуп кетпешине эч ким кепилдик бере албай турганын айтты.

«Кырдаал оор. Эртең (17-сентябрды айтып жатат – ред.) кандай болуп кетерине эч ким эч кандай кепилдик бере албайт. Ошол эле учурда Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов менен жарым саат сайын сүйлөшүп жатам. Биз (абалды – ред.) толук бойдон көзөмөлдөгөнгө аракет кылып жатабыз. Азыр бардык жерде (ок атышуу – ред.) токтоду. Мени менен бул жакта күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, орун басарлары бар. Бардык иштерди координациялап жатабыз. Кооптонууга негиз жок», — деди ал.

Белгилей кетсек, Ташиев чек арадагы ок атышуу саат 20:00дөн тарта токтогонун билдиргени менен Чек ара кызматы тажик тарап кыргыз чек арачыларынын позицияларын аткылап жатканын, саат 22:20да «Тамдык» тозотун аткылаганын маалымдаган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы абал боюнча маалымат берди — видео

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: чек ара

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>