Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри алмаштыОшто жашылча-жемиштерди тоңдура турган логистикалык борбор ачылатАКШнын миграциялык борборлорунда кармалгандардын саны рекорддук деңгээлге жеттиЫсык-Атада 4 жашар наристеге зомбулук фактысы катталдыКыргызстанда тарыхта биринчи жолу гектарынан 120 тонна помидор алындыКамчыбек Ташиев: Судья өрттөгөн акчанын күлү УКМК экспертизадан өткөрүлдү
Чек арадагы чыр: Жараат алгандардын саны 103кө жетти
17.09.2022 | 10:25
Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 103кө жетти. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бүгүн, 17-сентябрь саат 9:00гө карата ооруканаларга жараат алган 103 адам жеткирилген. Алардын ичинен бешөө амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.
Жабыркагандардын көбү октон же снаряддын сыныгынан жарадар болгон.
Жабырлануучулар дарыланып жаткан ооруканалар:
- Баткен облустук бириккен ооруканасы – 41 жабырлануучу;
- Лейлектеги жалпы дарыгерлик практика борбору – 21 жабырлануучу;
- Кулундудагы жалпы дарыгерлик практика борбору – 3 жабырлануучу,
- Сүлүктүдөгү жалпы дарыгерлик практика борбору – 6 жабырлануучу,
- Улуттук госпиталь – 20 жабырлануучу,
- Улуттук хирургия борбору – 1 жабырлануучу,
- Улуттук эне жана баланы коргоо борбору – 6 жабырлануучу.
Эскерте кетсек, чек арадагы куралдуу кагылыштан 24 адамдын каза болгон.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом