Кытайлык Everbeacon компаниясы Кыргызстандын технология тармактарына инвестиция салууга кызыкдарКоопсуздук кеңешинин катчысы ЖККУнун башкы катчысы менен жолугушту – эмнелер талкууландыБатыш БА өлкөлөрүнө ким менен байланыш түзүүнү таңуулоого аракет кылууда — ЛавровКыргызстандын өкмөтү АКШнын EXIM Bank’ы менен кызматташууга кызыкдарПарламент унааларды эвакуациялоо жана айдоочулук укуктан ажыратуу жөнүндө мыйзам долбоорун колдодуУКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталды
Бишкекте тургузулган борбордук балаты качан жандырылары маалым болду
10.12.2019 | 09:53
Бишкектин Ала-Тоо аянтына тургузулган балаты 13-декабрда саат 19:00дө жандырылат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, калаа башкармалыгы борбордук балатыны жандыруу иш-чаранын планын дыкат даярдоодо. Балатынын чырактарын жандыруу концерттик программа менен коштолот. Учурда балатыны кооздо иштери улантылып жатат.
Борбордук аянттагы башкы балатыны “Тазалык” жана “Бишкексветтин” кызматкерлери орнотуп, кооздоп жатат. Балатыга тагылуучу оюнчуктардын дээрлик баары “Бишкексветтин” цехинде даярдалган.
Ал эми шаардын бардык жерлери жаңы жылга карата кооздоолуп, жарыктандырылат.
Мындан тышкары «Ынтымак» сейил багындагы балаты жандырылган. Азыркы тапта шаардын тургундары эс алып, кубанышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом