Бишкекте тургузулган борбордук балаты качан жандырылары маалым болду

Бишкекте тургузулган борбордук балаты качан жандырылары маалым болду

Бишкектин Ала-Тоо аянтына тургузулган балаты 13-декабрда саат 19:00дө жандырылат. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, калаа башкармалыгы борбордук балатыны жандыруу иш-чаранын планын дыкат даярдоодо. Балатынын чырактарын жандыруу концерттик программа менен коштолот. Учурда балатыны кооздо иштери улантылып жатат.

Борбордук аянттагы башкы балатыны «Тазалык» жана «Бишкексветтин» кызматкерлери орнотуп, кооздоп жатат. Балатыга тагылуучу оюнчуктардын дээрлик баары «Бишкексветтин» цехинде даярдалган.

Ал эми шаардын бардык жерлери жаңы жылга карата кооздоолуп, жарыктандырылат.

Мындан тышкары «Ынтымак» сейил багындагы балаты жандырылган. Азыркы тапта шаардын тургундары эс алып, кубанышууда.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>