Чүй облусунда райондук соттун жаңы имаратынын курулушу башталдыКыргызстандын айыл чарбасы биринчи чейректе дээрлик 3%га өстү25-апрелге карата аба ырайыКыргызстанда социалдык тармактын кызматкерлеринин айлыгы 100 миң сомго чейин көтөрүлдү — ОрунбековБишкекте чатырында теннис корттору бар көп кабаттуу унаа токтотуучу жай ачылдыОш облусу менен Кытайдын Шаньдун провинциясы боордоштук мамилелерин түзүүдө
Чүйдө өспүрүм кызды зордуктоого өгөй атасы шектелүүдө
27.09.2022 | 10:00
Чүй облусунун Аламүдүн районунда өспүрүм кызды өгөй атасы зордуктоого шектелүүдө. Бул маалыматты Reporter.kg′ге Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан тастыкташты.
Маалым болгондой, кыздын апасы милицияга арыз менен кайрылган.
«Арызда ал 1972-жылы туулган күйөөсү биринчи никесиндеги 2006-жылы туулган кызы менен жыныстык катнашка барганын билдирген. Милиция текшерип жатат. Ал киши азырынча кармала элек», – деп билдиришти.
Учурда милиция зордуктоо фактысы боюнча териштирүү иштерин жүргүзүүдө, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Алардын жыйынтыгы менен айыпталуучунун аракетине юридикалык баа берилет.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар