Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат – сүрөт
Бишкекте Байтик баатырдын эстелиги орнотулат. Бул тууралуу “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Аталган мекеменин директору Урмат Карыбаев даярдалдып жаткан эстеликтин үлгүсү менен таанышкан.
“Байтик баатыр – көрүнүктүү тарыхый инсан. Бишкек шаарынын тургундары анын эстелигин орнотуу тууралуу көптөн бери сунуш айтып келген. Жакында эле шаардын түштүк тарабында – Масалиев көчөсүнүн жогорку жагында – Байтик баатыр атындагы сейил бак ачылган. Эстелик сейил бактын борборунда же кире беришинде орнотулат”, – деди Карыбаев.
Байтик баатырдын эстелигинин автору – белгилүү скульптор Адил Сейталиев.
[image_carousel source=”media: 157927,157926,157925,157924,157923,157922,157921″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз