Кыргызстандын жана Армениянын башчылары сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү — эмнелер макулдашылдыАлмаз Насыров: Өздүк технологиялары жок бай кен байлыктар — бул мүмкүнчүлүк эмес, тузакКыргызстандын соттору кагаз түрүндөгү чакыруулардын ордуна SMS-билдирүүлөргө өтөтЭксперт: Кыргызстан жер казынасынан жүз миллиарддаган сом киреше таба алат — бирок стратегиянын жоктугу тоскоол болуудаЧүй облусунун капчыгайында чет элдик жарандын сөөгү табылды – чоо-жайыСадыр Жапаров БА чөлкөмүнүн суу-энергетика тармагында жаңы механизмди сунуштады
ИИМ Россияга иштегени бараткан жарандарга кайрылды
07.10.2022 | 12:29
Ички иштер министрлиги Россияга ишке орношуу максатында бара жаткан кыргызстандыктарга кайрылып, чек арадан кирүү эрежелерин эскертти.
Министрлик Россиянын «Россиядагы чет элдик жарандардын укуктук абалы жөнүндө» жана «Россиядагы мамлекеттик дактилоскопиялык каттоо жөнүндө» мыйзамдары күчүнө киргендигин маалымдайт. Ага ылайык, Кыргызстандын жарандары төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Россияга барган күндөн тартып 30 күн ичинде бир жолу манжа изин мамлекеттик каттоодон жана сүрөткө түшүүдөн өтүшү керек;
- Россияга барганда 30 күн аралыгында баңгизат же дарыгердин көрсөтмөсү жок психотроптук каражаттарды колдонбойбу, жугуштуу жана ВИЧтен улам пайда болуучу оорулар бар же жок экенин аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшү зарыл;
- медициналык документтердин мөөнөтү аяктагандан кийин 30 күндүн аралыгында ИИМдин аймактык бөлүмүнө жаңыртылган медициналык документтерди көрсөтүп туруу керек.
Эгерде кыргызстандыктар бул талаптарды аткарбаса, алардын Россияда жүрүү мөөнөтү кыскарат.
Мындан улам ИИМ Россияга бара жаткан мекендештерге жогоруда аталган мыйзам менен таанышууну жана жаңы талаптарды сактоону сунуштайт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом