Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарында Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын аскердик кызматка чакыруу жөнүндө тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
«Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес.
Россияда убактылуу жашаган кыргыз жарандары тарабынан чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө алынган учурда, Элчилик Россия тарабы менен биргеликте кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөт»— деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз