Дүйнөдө жапайы жаныбарлардын саны дээрлик 70%га кыскарды

Дүйнөдө жапайы жаныбарлардын саны дээрлик 70%га кыскарды

Сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, жерде-сууда жашоочулар, сойлоп жүрүүчүлөр жана балыктар, кыскасы жапайы жаныбарлардын популяциясы акыркы жарым кылымда дээрлик 70% га кыскарган. Мындай тыянак Бүткүл дүйнөлүк табият фонду тарабынан жарыяланган Living Planet баяндамасында камтылган.

Байкоолорго караганда, жердин тропикалык аймактарында абал өзгөчө коопту.

«Кырдаал бардык жерде начарлап кетти. Бирок андан да катуу жабыркаган аймактар ​​бар. Латын Америка континентинде омурткалуу жаныбарлардын саны 94%га кыскарды. Бул таң калыштуу эмес, биологиялык ар түрдүүлүк тропикалык аймактарда алда канча бай болгондуктан, бул аймактарда популяциялар Европага караганда тездик менен азайып баратканы анык”— деди Бүткүл дүйнөлүк табият фондунун башкы директору Марко Ламбертини.

Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүнө эмне болуп жатканын талдоо көрсөткөндөй, анын төмөндөшүнүн негизги факторлору болуп айыл чарбасы, браконьерлик, токойлорду кыюу, булгануу, инвазивдүү түрлөр жана климаттын өзгөрүшү саналат.

Ал ортодо Бүткүл дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун башкы директору Марко Ламбертини, «биз иллюзордук идеялардан баш тартып, табиятты жөн эле кабыл алууну токтотушубуз керек. Экологиянын бузулушунун кесепеттерин эске албай туруп, коомду ысырапкорчулук, кыйратуучу жол менен өнүктүрүүнү уланта албайбыз. Анын кесепети да бар. Ал эми биз багытты өзгөртпөсөк климатка да, биологиялык ар түрдүүлүккө да терс таасирин тийгизет» — деп белгиледи.

Докладдын авторлору дүйнөлүк лидерлерди жапайы жаратылышты коргоо боюнча климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимине окшош эл аралык милдеттенмелерди алууга чакырышат. Мындай келишим, Дүйнөлүк жапайы жаратылыш фондунун айтымында, биологиялык ар түрдүүлүктү жоготуу процессин жокко чыгарат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>