«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Мобилизация: Элчилик Россиядагы кыргыз жарандарына эскертти
13.10.2022 | 19:10
Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги жалпыга маалымдоо каражаттарында Россиянын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарын аскердик кызматка чакыруу жөнүндө тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.
“Кыргызстандын жарандары чет мамлекеттин аймагында аскердик кызматка чакырылышы мүмкүн эмес.
Россияда убактылуу жашаган кыргыз жарандары тарабынан чакыруу кагаздары жаңылыш түрдө алынган учурда, Элчилик Россия тарабы менен биргеликте кырдаалды жөнгө салууга көмөк көрсөтөт”– деп айтылат билдирүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар