Жасалма акчалар менен телефондорду алып-сатып жүрүшкөн. УКМК траснулуттук кылмыштуу топту кармадыУЭТК кышка чейин 760 чакырым жаңы кабелдерди тартып чыгатЕвропа биримдигинде интернетке кирүүгө курактык чектөө киргизилетКыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөн
Жыл башынан бери өлкөдө 79 бала жол кырсыктан каза болгон
18.10.2022 | 12:20
Жыл башынан бери Кыргызстанда жашы жете элек өспүрүмдөдүн катышуусунда 1379 жол кырсыгы катталган. Бул тууралуу Бишкекте өткөн маалымат жыйында Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Канатбек Кубатбеков билдирди.
«2021-жылдын тогуз айында жол кырсыгынан 83 бала каза болсо, быйылкы жылы 79 бала каза болуп, көрсөткүч 4,8 пайызга азайган. Өткөн жылы жабыркаган балдардын саны 1 миң 655 болсо, азыркы көрсөткүчтө 1 пайызга өсүп, 1 миң 672ге жетти», – деди ал.
Канатбек Кубатбеков белгилегендей, республикада балдардын катышуусундагы жол кырсыктары 1 пайызга өскөн. 2021-жылдын ушул эле мезгилинде мындай 1363 кырсык катталган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар