Экономикалык мунапыс: Мүлкүн ачыктагандар канча акча төлөйт?

Экономикалык мунапыс: Мүлкүн ачыктагандар канча акча төлөйт?

«Жеке жактардын активдерин ыктыярдуу легалдаштыруу жана мунапыс берүү жөнүндө» мыйзам долбооруна ылайык, 100 млн сом же андан ашык мүлкүн ачыктаган жарандан 1 млн сом төлөм алынат. Бул тууралу бүгүн, 18-октябрда Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин Кыргызстанда активдерди легалдаштыруу боюнча үч өнөктүк жүргүзүлүп, учурда төртүнчүсү жүрүүдө. Бирок төртүнчүсү да көп натыйжа бербей, сегиз адам гана мүлкүн ачыктагандыктан, аталган мыйзам долбоор сунушталууда.

Асылкулов билдиргендей, мыйзам долбоорундагы шарт боюнча, жаран 100 млн сом же 1 млрд сомду легалдаштырганына карабай, 1 млн сом төлөм төлөйт.

«Мисалы, төртүнчү өнөктүктөгү шартка ылайык, 70 млн сомго чейинки актив үчүн төлөм алынбайт. Ал эми 70 млн сомдон ашса, мисалы, декларацияны 200 млн сомго тапшыргандар 2 млн сом төлөйт деген шарт бар. Азыркы мыйзам долбоору боюнча, 100 млн сомго чейин эч кандай төлөм жок. Ошол эле учурда 100 млн сомдон канчалык сумма ашпасын, бир жолу 1 млн сом эле төлөнөт. Ал төлөм аркылуу легалдаштыруу канча суммада болгону белгисиз болушу үчүн жасалууда», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>