УКМК: Акча алып, Орусияда каттоодон чыкпаган унааларды каттаган кызматкерлер аныкталдыЖКда жумушка орноштуруу менен алектенген компаниялардын ишмердүүлүгүн текшерүү сунушталдыТүп районунда мектептин оңдоп-түзөө иштери каржылоонун жоктугунан токтоп калдыАгартуу министрлиги: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя боюнча мектеп директоруна «катуу сөгүш» берилдиКыргызстан менен Кытай айыл чарба продукциясынын экспортун кеңейтүү боюнча кадамдарды белгилештиАткезчилик, документтерди жасалмалоо — ТИМдин экс-башчысы Чыңгыз Айдарбековдун иши боюнча жаңы фактылар
Эми казакстандыктар тирүүсүндө донор болууга макулдук бере алышат
19.10.2022 | 23:07
Эми казакстандыктар көзү тирүү кезинде органын тапшырууга макулдугун бере алат. Казакстандын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.
«Казакстандын жарандары, Кодекстин 209-беренесинин 8-пунктуна ылайык, трансплантациялоо үчүн өлгөндөн кийин органдарды алууга макулдук же баш тартуу жөнүндө арызын тирүү кезинде эле каттай алышат», — деп айтылат маалыматта.
Өлкө жарандарынын органдарын трансплантациялоо акысыз жүргүзүлөт.
Бул үчүн жарандар каттоодо турган жериңиздеги клиникага же электрондук өкмөттүн сайтына (Трансплантацияга өлгөндөн кийин органдарды өмүр бою ыктыярдуу донордукка берүүгө макулдукту каттоо же макулдуктан баш тартуу) кайрылыша алат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар