“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөтЭрнисбек Ормоков: Манас шаарын борборго айлантууга даярдык жетишсиз
Кемпир-Абад: Өзгөндүн тургундары жөө жүрүшкө чыкты – видео
21.10.2022 | 17:23
Бүгүн, 21-октябрда Өзгөн районунда жергиликтүү тургундар Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүүгө каршы болуп, жөө жүрүшкө чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдирди.
Алардын айтымында, Кызыл-Октябрь жана башка айылдардын тургундары Кемпир-Абадды коңшу Өзбекстанга өткөрүп бербөөнү талап кылып, Куршаб айылынан Өзгөнгө чейин жөө жүрүшкө чыгышты. Алар суу сактагыч Кыргызстандын аймагына таандык экенин айтышты.
Эске салсак, келишим долбооруна ылайык, Кыргызстан Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берет. Камчыбек Ташиевдин айтымында, суу сактагычты эки өлкө тең башкарат. Кыргызстан анын ордуна 19 миң гектардан ашык жерди алат.
Ташиев: Кемпир-Абаддын 4 миң 485 га жери Өзбекстанга берилет
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар