Январь окуялары: Үтүк басып кыйноого айыпталган полиция кызматкери камалды

Январь окуялары: Үтүк басып кыйноого айыпталган полиция кызматкери камалды

Казакстандын Жетысу облустук соту үй камагындагы полиция кызматкери Айдын Кенжебаевдин бөгөт чарасын өзгөртүп, аны камакка алуу чечимин чыгарды. Ал Январь окуяларына байланыштуу кармалгандарга үтүк басып, кыйноого алган деп айыпталууда.

Жактоочу Асем Тусипованын айтымында, алгач полиция кызматкери камакта отурган.

«Бирок июнь айында үй камагына чыгарылыптыр. Биз бул жөнүндө билген эмеспиз. Угуп алып таң калдык, анткени айыпталуучулар камактан чыгарылбашы керек эле. Талдыкорган шаардык соту аны кайра камакка алуу тууралуу өтүнүчүбүздү четке каккан. Ошондон кийин облустук сотко кайрылганбыз», – деди  ал.

Ал билдиргендей, облустук сот жабырлануучу Жансерик Туралыков менен күбө Арлан Куттыбаевдин коопсуздугун камсыз кылуу боюнча эки токтом чыгарган.

«Туралыковдун үйүнө Кенжебаевдин аялы эки киши менен барган. Ага чейин телефон чалып да коркутушкан. 18-октябрда Айдын Кенжебаев ажаатканада Куттыбаевди өлтүрөм деп коркуткан. Сот ушул фактыларга таянып, анын бөгөт чарасын өзгөртүп, камакка алды», – деди Тусипова.

Адвокат сот анын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырганын кошумчалады. Доо арызда ал Кенжебаевден тышкары үй камагында отурган дагы төрт полиция кызматкерин да камакка алууну өтүнгөн.

Талдыкорган шаарында Январь окуялары маалында кармалгандарды кыйноого алуу иши боюнча сот жараяны уланууда. Бул иш боюнча жалпысынан 23 киши жабырлануучу деп табылган. Алардын жакындары сот жараяны тууралуу өз учурунда маалымат берилбегендиктен, бир нече отурумга катыша албай калганына нааразылыктарын билдирүүдө. Жабырлануучулардын бири аларды кыйноого алган эки полиция кызматкери жоопкерчиликке тартылбай калганын, кармалгандардын далысына басуу үчүн үтүктү ысытып берип турган дагы бир полициячы таптакыр айыпталуучу катары каралбаганын айтууда.

Расмий маалыматтарга ылайык, Январь окуялары маалында 238 киши каза болгон. Алардын ичинен алтоо кармалгандан кийинки кыйноолордон улам өлгөн. «Жапырт башаламандык», «Курал-жарак сактоо», «Терроризм актысы» сыяктуу беренелер боюнча айыпталып кармалган жүздөгөн киши кыйноого алынганына даттанган. Прокуратура тергөө үчүн далилдер жетишсиз экенин айтып, кыйноо боюнча иштердин көбүн токтоткон.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>