Баткенде курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнөт

Баткенде курман болгон аскерлердин үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнөт

Баткен облусунда куралдуу кагылыштын натыйжасында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сомдон төлөнүп берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, президенттин «Баткен жана Ош облустарынын администрациялык-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруу максатында курман болгон жарандардын үй-бүлөлөрүнө 1 млн сом өлчөмүндө,  жабыркаган жарандарга, ден соолугуна келтирилген зыяндын даражасына жараша соттук-медициналык экспертизанын корутундусу болсо 100дөн 200 миң сомго чейинки өлчөмдө бир жолку материалдык жардам көрсөтүү чечими кабыл алынган.

Мындай чечим Министрлер кабинетинин токтому менен бекитилди.

Белгилей кетсек, бул токтом жарандарга, аскер кызматкерлерине, ошондой эле укук коргоо органдарынын кызматкерлерине гана тиешелүү, материалдык жардам «Аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө» жана «Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык көрсөтүлөт.

16-сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуп, Тажикстандын агрессиясынан улам куралдуу кагылыш башталган. УКМК Тажикстан Кыргызстандын аймагын басып алууга аракет көрүп жатканын билдирген. Кагылышты токтотууга аракеттер көрүлүп, эки өлкөнүн УКМК башчыларыпрезиденттери ортосунда ок атууну токтотуу макулдашылган. Ага карбастан ок атышуулар дээрлик түнгө барып басылган.

Камчыбек Ташиев чек арадагы жаңжалдын айынан аскер жана жай тургундар арасында курман болгондор бар экенин билдирген.

Кыргызстанда 19-сентябрь улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылыш боюнча билдирүү жасап, Тажикстан алдын ала пландап, Кыргызстанга кол салганын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча Тажикстандын кол салуусунан Кыргызстан тараптан 59 адам каза болуп, жабыркаган жарандардын саны 198ге жетти.

Бүгүнкү күнү чек арадагы абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Баткен: Тажикстандын агрессиясы келтирген зыяндын суммасы айтылды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>