Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Дүйнө чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу күмүш медаль утту
24.10.2022 | 11:38
Кыргызстандык спортчу Тайырбек Жумашбек уулу Испанияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпиондугунда күмүш медаль утту.
Турнир 23-октябрда Понтеведра шаарында жыйынтыкталды.
Жумашбек уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 61 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдык баскычтан баштап күч сынашкан. Алгач кыргызстандык спортчу америкалык балбанды 9:0, андан соң колумбиялыкты 11:0 эсебинде утуп алды.
Жарым финалда Жумашбек уулу түрк спортчусун 5:0 эсебинде жеңсе, финалда курч күрөштө Армениянын балбаны менен беттешип, 5:7 эсебинде жеңилип, финалдык 2-орунду, күмүш утуп алды.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазов эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Жумашбек уулу Таирге авто унаа белек кылган.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт