Бөрк ал десе баш алчулар! Депутат Кадырбеков камалгандар боюнча оюн айтты

Бөрк ал десе баш алчулар! Депутат Кадырбеков камалгандар боюнча оюн айтты

Жогорку Кеңештин депутаты Нуржигит Кадырбеков жекшемби күнү Ички иштер министрлиги тарабынан кармалган саясатчы жана жарандык активисттер боюнча үн катты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу билдирди.

Эл өкүлү ой, пикир, сөз эркиндиги — адамдын табигый, ажыратылгыс укугу катары эң негизги эларалык документтерде таанылганын белгиледи.

“Кыргызстанга кечээ түнү келдим. Чет өлкөдө интернетим иштебегендиктен, мекенибиздеги жаңылыктардан артта калыптырмын. Окуп, көңүлүм суз тартты. Өкүнүү менен кабыл алдым.

Эл болгон соң арасында бакырчагы, тентеги, көк тили, көк бети, кайдыгери, жоошу, чаар башы, коркогу, көк жалы, кошоматчысы, алдамчысы, суу куйдусу, чынчылы, арызчылы, кеменгери, мокогу, курчу, бетке чабаары, фейки, аныгы, колдогону, каршысы, бут тосчусу, сүрөөчүсү, көралбасы, ак жүрөгү, айтор ар кандайы болот. “Эки бакыр — бир тукур” дегендей, ошону менен бири-бирибизди толуктап, улап, коом курайт экенбиз. Баары бирдей ойлоп, бирдей сүйлөп, бирдей кыймылдап калса, эл — эл эмес эле программаланган роботтордун тобуна айланар. Ошондуктан, ой, пикир, сөз эркиндиги — адамдын табигый, ажыратылгыс укугу катары эң негизги эларалык документтерде таанылып, таризделген. Баш мыйзамыбыз дагы муну тастыктап, бекемдейт.

Бөрк ал десе баш алчулар! Силерден сураныч, ошол Баш мыйзамыбыз — Конституциянын гаранты болгон мамлекет башчысын уяткарбаңыздар!

Бийликпи, оппозициябы, хоппозициябы, ак жана так позициябы, баарыбыз саясий маданиятыбызды бийиктетип, адебибизди тарбиялайлы. Мыйзам алкагында эки башкабы, жети башкабы позицияларды ортого салып, ырылдашпай акыл элегинен өткөргөнгө көнөлү. Бирок, чү дегенде эле камчы менен какыс-кукус кылып, таяк менен тап берип кирүүдөн карманалы. Чозмонун ташы жетишчү жерге, замбиректин огун колдонгон туура болбостур.

Камалгандарга таба кылгандар, “ырас болду” деп кол чапкандар, тообо дейли. Бул акыбал сенин башыңа келбейт деген кепилдик жок. Алардын ата-энесинин, бала-бакырасынын ордуна өзүңдү коюп көр. Жаманбы же жакшыбы, алар деле биздин эл, биздин жарандар.

Жаратканым, элибизге ынтымак ырооло, башчыларыбызды адаштырба”, — деп жазды депутат.

23-октябрда Бишкекте 20дан ашык оппозициялык саясатчы менен активисттердин 48 саатка камакка алынды.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат. Милиция атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө айрым жарандардын массалык башаламандык уюштурууга, бийликти мыйзамсыз басып алуу боюнча иштерге катыштыгы бар экендиги боюнча далилдер алынганын билдирүүдө. ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн жашаган үйлөрү тинтилип, Жазык процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык кармоо иштери жүрүп жатканын маалымдады.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>